Бишкек – Нарын – Торугарт жолуна түшкөн кар көчкү тазаланууда

Кырсык 05 Март 2026 14:35
648121363_1234846545490756_6954287253862217753_n.jpg
648162366_1234846555490755_4417556154156471958_n.jpg
Алдыга
Артка
648121363_1234846545490756_6954287253862217753_n.jpg
648162366_1234846555490755_4417556154156471958_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 05.03.26 /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 304-чакырымындагы Кара-Үңкүр тилкесине түшкөн кар көчкүнү тазалоо иштери токтоосуз жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 11:00 чамасында жолдун аталган бөлүгүнө кар көчкү түшкөн.

"Учурда жолду тазалап, ачуу үчүн №41 жол тейлөө мекемесинин атайын техникалары тынымсыз иш алып барууда",- деп айтылат маалыматта.