Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна түшкөн таштар тазаланды

Аймак 10 июль 2025 11:40
504429247_1044728301169249_6387549313537492504_n.jpg
516395283_1044728297835916_6858020712366850551_n.jpg
518305950_1044728304502582_6489886700927945421_n.jpg
Алдыга
Артка
504429247_1044728301169249_6387549313537492504_n.jpg
516395283_1044728297835916_6858020712366850551_n.jpg
518305950_1044728304502582_6489886700927945421_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 245-262-264- чакырымына түшкөн таштар тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жолду тазалоо иштери № 955 Жол тейлөө ишканасы тарабынан ыкчам жүргүзүлдү. Жерине бир даана погрузчик жана автогрейдер техникасы тартылган.

Учурда каттам бар, жол ачык.

Белгилей кетсек, 9-июль күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 245–262-264-чакырымдар аралыгында сел жүрүп, жолго таштар кулаган.