Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна таш кулап, учурда унаа жол убактылуу жабык. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, таш күн мурун аталган жолдун Жаңы-Жол тилкесине түшкөн.
"Жеринде №41 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.