Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна кар көчкү түштү

Аймак Загрузка... 17 Февраль 2026 13:25
ea899d5b-62a2-44ea-b492-bf167318199a.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Кар көчкү аталган унаа жолдун 291-чакырымындагы Кара-Үңкүр капчыгайына түшкөн.

Учурда жол бир тараптуу ачык, унаалар кезек менен өткөрүлүүдө.

"Кар көчкүнүн так көлөмү аныкталууда. Жеринде №41 Жол тейлөө ишканасынан техникалар тартылып, тазалоо иштери жүрүүдɵ",-деп айтылат билдирүүдө.