Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу убактылуу жабылат

Аймак Загрузка... 29 Апрель 2026 09:15
5.jpg
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. 29-апрелден 5-майга чейин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу убактылуу жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү жолдун 54-чакырымындагы жөө өтмөктү демонтаждоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу саат 09:00дөн 16:00гө чейин маал-маалы менен жабылып турат.

Унаа жолу жабылган учурда айланма жол уюштурулат.

Министрлик айдоочуларга алдын ала маршрутту пландап алууну эскертет.