Бишкек мэриясы ЖЭБде көмүрдүн запасы канча экенин айтты

Коом Жүктөлүүдө... 08 Декабрь 2025 14:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 08.12.25 /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы учурда жылуулук электр борборунун кампаларында 243 650 тонна көмүр бар экенин билдирди.

"Бул көлөмдөгү катуу отун жылуулук электр борборунун үзгүлтүксүз иштеши үчүн жетиштүү", - деп айтылат маалыматта.

2025-2026-жылдардагы күз-кыз мезгилин жабуу үчүн жалпысынан 1 400 000 тонна көмүр талап кылынары белгиленди.

Көмүр жеткирүү белгиленген график боюнча жүргүзүлүп жатканы жана жылытуу мезгилинин аягына чейин улана турганы белгиленди.