Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун 7-8-август күндөрү өтө турган жайкы музыкалык кечелерге чакырат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, концерттер Ала-Тоо аянтында уюштурулуп, анда таланттуу ырчылар жана чыгармачыл топтор өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөр үчүн кызыктуу концерттик программа даярдалып, ачык асман алдындагы жайкы майрамдын өзгөчө маанайы тартууланат.
Мэрия шаар тургундарын жана конокторун үй-бүлөсү, достору жана жакындары менен келип, жандуу музыканын коштоосунда жагымдуу эс алууга чакырат.