Окуучулардын уулануусу. Мектептерге тамак-аш коопсуздугун сактоо тапшырылды

Коом Загрузка... 03 Ноябрь 2025 17:17
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Бишкек мэриясы «Сейтек STEM» мектебиндеги окуучулардын уулануусу боюнча абалды баяндап, тамак-ашты уюштуруу эрежелерин так сактоо боюнча бардык мектептерге көрсөтмө берди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, окуя болгон учурда мектептин директору иш сапарда болгондуктан, бүгүн мэрдин орун басары Виктория Мозгачева аны менен жолугушуу өткөрүп, бекитилген менюдан четтөө жана жалпы билим берүү мекемелеринде тамак-ашты уюштуруу эрежелерин бузууга жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Мэрдин орун басары мындай учурларга өз убагында чара көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, учурдагы абал менен таанышты жана ууланууга кабыл болгон окуучулардын ата-энелери менен болгон жолугушууга катышты.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясы шаар аймагында жайгашкан бардык жалпы билим берүү уюмдарына — менчик формасына карабастан, тамак-ашты уюштуруу эрежелерин так сактоо тапшырмасын берди. Дарыгерлер жана эпидемиологдор тарабынан иштелип чыгып, макулдашылган бекитилген менюдан кандай гана болбосун четтөө кескин түрдө тыюу салынат.

"Бишкек шаарынын мэриясы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин окуучулардын тамак-аш коопсуздугуна жана сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырат",-деп айтылат маалыматта.