Бишкек мэриясы менен "Элдик Банк" кызматташат

Коом 2 июль 2025 18:24
1751457419.jpeg
1751457405.jpeg
Алдыга
Артка
1751457419.jpeg
1751457405.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев менен «Элдик Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, меморандумдун алкагында   шаардык инфраструктуранын  объектилерин пайдалануу үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүнүн инновациялык ыкмаларын киргизүү боюнча биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашырууга багытталган өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү пландаштырылууда.

Алгачкы этапта QR-коддорду муниципалдык менчикте жайгашкан унаа токтотуучу жайларга орнотуу пландалууда.

Тараптар узак мөөнөттүү кызматташууга жана башка мүмкүн болгон долбоорлорго үмүт артышты.