Бишкектин бир катар көчөлөрүндө капиталдык оңдоо иштери аяктап, жаңы көпүрөлөрдү куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов билдирди.

Анын айтымында, быйыл 15 көчө планга киргизилип, айрым объектилер ишке берилип, жыл аягына чейин үч көпүрөнү бүтүрүү пландалууда.
Ушул тапта төмөнкү участкалар оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди:
- Жибек жолу көчөсү, Лермонтовдон Курманжан даткага чейин;
- Курманжан датка көчөсү, Жибек жолунан Чүй проспектисине чейин;
- Шабдан баатыр көчөсү, Лермонтовдон 7-Апрель көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);
- Медеров көчөсү, 7-Апрелден Панфиловго чейин;
- Москва көчөсү, Фучиктен Жаш гвардия булварына чейин;
- Жаш гвардия бульвары, Бөкөнбаевден Жибек жолуна чейин.

Ошондой эле Лев Толстой көчөсүндө, Ибраимовдон Калык Акиевге чейин (жарым-жартылай) жана Асаналиевден Термечиковго чейинки тилкеде да унаа кыймылы үчүн толук ачылган тилкеде реконструкция иштери аяктады.
Мындан тышкары Фучик көчөсү да реконструкцияланууда. Москвадан Чүй проспектине чейинки участок пайдаланууга берилди. Ошондой эле быйылкы жылдын планына кирген алты көчөнүн төмөнкү эки тилкеси ачылды:
- Токтоналиева көчөсү - Масалиев проспектисинен Жаштар кварталына чейин (эки бөлүк);
- Кара-Дарыя көчөсү - Медеровдон Лев Толстойго чейин.
Учурда төмөнкү участоктордо оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө:
- Фучик көчөсү - Чүй проспектисинен Аска-Ташка чейин, Чүйдөн Жибек жолуна чейинки тилке убактылуу жабылып, иштер жүрүп жатат;
- Абдымомунов көчөсү - Турусбековдон Калык Акиевге чейин;
- Дэн Сяопин көчөсү - Фучиктен Алыкуловго чейин (Кустанай көчөсүнө чейинки бөлүгү бүткөрүлүп, эки тарабы ачык).

Фучиктен Интергельпого чейинки тилкеге эки катмар асфальт төшөлүп, бүгүн ачылат.
“Бишкексууканал” ишканасы иштеп жаткан Дэн Сяопин көчөсүнүн түндүк тарабында, Интергельподон Кустанай көчөсүнө чейин жумуш уланууда.
Ошондой эле Жанболотов белгилегендей, Калинин көчөсү Жибек жолунан Салиевге чейинки аралыкта буга чейин бир катмар асфальт төшөлгөн. Жакынкы күндөрү экинчи катмары төшөлүп, пайдаланууга берилет. Андан соң бул көчөгө катарлаш Ауэзов көчөсүндө оңдоо иштери башталат.
Мындан сырткары төмөнкү көпүрөлөр курулууда:
- Шүкүров көчөсүндөгү жаңы көпүрө аны Медеров көчөсү менен байланыштырып, Юнусалиев көчөсүндөгү тыгынды жеңилдетет;
- Ауэзов көчөсүндөгү эки тилкелүү көпүрөнү реконструкцияланууда;
- Жараксыз абалга келген Жибек жолуна баруучу көпүрө толугу менен демонтаждалган. Эски эки тилкелүү көпүрөнүн ордуна жаңы алты тилкелүү көпүрө курулат.

“Аба ырайы кескин өзгөрсө, айрым жолдорду оңдоо иштери кийинки жылга жылдырылышы мүмкүн. Бирок, белгиленген график боюнча октябрь айынын аягына чейин бүтүрүү зарыл. Үч көпүрөнү тең жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Мындан тышкары шаардын кире беришиндеги дагы үч жаңы көчөдө иштер башталат. Бул долбоорлор келерки жылы бүткөрүлөт”, - деди Абдыжапаркул Жанболотов.