Бишкек мэриясы: Бала бакчаларда тамактануу ата-энелердин эсебинен жүргүзүлөт

Коом Загрузка... 03 Июль 2025 09:30
273644602_3174883699390836_2496414225825135031_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. 1-июлдан баштап бала бакчаларда тамактануу ата-энелердин эсебинен жүргүзүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө бала бакчалардын жетекчилерине ата-энелер жамаатынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Белгиленгендей, КР “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын негизинде, ошондой эле министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактандырууну уюштуруунун тартиби бекитилген жана тартиптин 11-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши  бир балага күнүнө 120 сом өлчөмүндө тамактануу үчүн акчалай төлөмдүн өлчөмүн бекиткен.

Бул тартипке ылайык, 1-июлдан баштап бала бакчаларда тамактануу үчүн төлөм ата-энелердин эсебинен жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, борбор калаанын билим берүү тармагында 118 муниципалдык бала бакча бар.