Бишкектин жолдору качан жасалып бүтөт? Мэр курулуш иштери менен таанышты

Коом 22 май 2025 15:30
1747894448 (1).jpg
1747894444 (1).jpg
1747894437 (1).jpg
1747894420 (1).jpg
1747894415 (1).jpg
1747894409 (1).jpg
1747894402 (1).jpg
1747894391 (1).jpg
1747894385 (1).jpg
1747894378 (1).jpg
1747894373 (1).jpg
Алдыга
Артка
1747894448 (1).jpg
1747894444 (1).jpg
1747894437 (1).jpg
1747894420 (1).jpg
1747894415 (1).jpg
1747894409 (1).jpg
1747894402 (1).jpg
1747894391 (1).jpg
1747894385 (1).jpg
1747894378 (1).jpg
1747894373 (1).jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жолдордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Алгач, калаа башчысы Садырбаев көчөсүнөн Тыныбеков көчөсүнө чейин жасалып жаткан Щорс көчөсүнөгү жол бордюрларын орнотуу иштерин текшерди.

Андан соң ал Ак-Марал көчөсүнүн Чортеков көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө чейинки бордюрларды орнотуу жана жолдун негизин даярдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ошондой эле мэр бала бакча куруу пландалган тилкени көрүп, "Арча-Бешик" конушун көрктөндүрүү иштерин өз көзү менен карап чыкты. Бул аймактагы жаш балдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү тапшырмасын да тиешелүү кызматтарга жүктөдү.

Мындан тышкары, Береговая көчөсүнүн 50 жылдык Жеңиш көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү капиталдык курулуш иштери менен таанышты. Азыркы учурда жол тилкесинде ирригациялык система орнотулуп, эски асфальтты чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө.

Мэр ошондой эле Токтоналиев көчөсүнүн Масалиевден Дүйшеев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерин да көзөмөлгө алды. Бул жерде жол жана тротуар бордюрлары, ирригациялык лотоктор менен түтүктөр орнотулууда.

Айбек Жунушалиев мыйзамсыз орнотулган курулуштар боюнча да маселелерди көтөрүп, уруксат документтери жок объекттерге тиешелүү чараларды көрүүнү шаардык кызматтарга тапшырды.

Инспекциянын жыйынтыгында калаа башчысы текшерилген бардык көчөлөрдү комплекстүү жаңылоону камсыздоо жана аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруу милдетин койду.