Бишкек мэри жарым жылда 600дөн ашык тургунду жеке кабыл алды

Коом Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 15:15
762998271_1066306385851607_2104238548527999247_n.jpg
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 05.08.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 2026-жылдын башынан бери 600дөн ашуун шаар тургунун жеке кабыл алды. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, кабыл алууларда жер тилкелери, жолдорду оңдоо, коммуналдык кызматтар, коомдук транспорт жана шаарды көрктөндүрүү маселелери көтөрүлгөн.

Мындан тышкары, жыл башынан бери борбор калаада тургундар менен 22 көчмө жолугушуу өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 1 700дөн ашуун кайрылуу тиешелүү кызматтардын кароосуна алынган.