Бишкек мэри курулуш жана реконструкция иштери менен таанышты

Коом 133 14 Август 2026 13:40
1786692203.jpg
1786692198.jpg
1786692192.jpg
1786692182.jpg
1786692177.jpg
1786692173.jpg
1786692166.jpg
1786692155.jpg
1786692150.jpg
1786692144.jpg
1786692126.jpg
1786692121.jpg
1786692116.jpg
1786692112.jpg
1786692102.jpg
1786692098.jpg
1786692094.jpg
1786692089.jpg
1786692072.jpg
1786692067.jpg
1786692063.jpg
1786692059.jpg
1786692039.jpg
1786692036.jpg
1786692032.jpg
1786692028.jpg
Алдыга
Артка
1786692203.jpg
1786692198.jpg
1786692192.jpg
1786692182.jpg
1786692177.jpg
1786692173.jpg
1786692166.jpg
1786692155.jpg
1786692150.jpg
1786692144.jpg
1786692126.jpg
1786692121.jpg
1786692116.jpg
1786692112.jpg
1786692102.jpg
1786692098.jpg
1786692094.jpg
1786692089.jpg
1786692072.jpg
1786692067.jpg
1786692063.jpg
1786692059.jpg
1786692039.jpg
1786692036.jpg
1786692032.jpg
1786692028.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев курулуш жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жаткан бир катар объекттерди кыдырып, иштердин жүрүшү менен таанышты.

Муниципалитеттен маалымдашкандай, шаар башчысы Учкун  конушундагы №89 мектептин кошумча корпусунун курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты. Жаңы корпус мектептин авариялык абалга келген имаратынын ордуна курулууда.

Учурда объектте ички жана тышкы жасалгалоо иштери, ошондой эле ага жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жаңы корпус заманбап окуу кабинеттер, китепкана, жыйындар жана спорттук залдар, ашкана, медициналык блок жана устаканалар менен жабдылат.

Андан соң мэр "Энергетик" насостук станциясына барып, Бишкек шаарындагы жылуулук менен камсыздоо системасын децентралдаштыруу долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан отканалар комплексин реконструкциялоо иштери менен таанышты.

Объектте жалпы жылуулук кубаттуулугу 27 МВт болгон үч заманбап газ менен иштеген суу ысытуучу казан орнотулууда. Алардын экөөсүнүн кубаттуулугу 10 МВттан, ал эми үчүнчү казандын кубаттуулугу 7 МВтты түзөт.

Андан кийин Ч. Валиханов көчөсүндөгү көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Учурда объектте устунга бетон куюу, ошондой эле Көлбаев көчөсүн бойлой тротуар плиталарды төшөө иштери улантылууда.

Мындан тышкары, мэр Чүй проспектисинде (мурдагы Шабдан баатыр көчөсү) жүргүзүлүп жаткан магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери менен таанышты.

Жалпы узундугу 1 080 метрди түзгөн эки тилкеде түтүктөрдү диаметри 900 ммден 1 000 ммге чейин чоңойтуу менен алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Долбоордун ишке ашырылышы шаарды жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Иштер аяктагандан кийин жолдун асфальт-бетон катмарын, көчө жарыктандыруусун калыбына келтирүү жана ага жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү каралган.