Бишкек мэри Лев Толстой көчөсүн оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

Коом 13 август 2025 15:45
1754999397.jpg
1754999383.jpg
1754999415.jpg
1754999411.jpg
1754999394.jpg
1754999388.jpg
Алдыга
Артка
1754999397.jpg
1754999383.jpg
1754999415.jpg
1754999411.jpg
1754999394.jpg
1754999388.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 13.08.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Лев Толстой көчөсүндө жүрүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Матиев көчөсүнөн Садыбаев көчөсүнө чейинки тилке унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылып, бул бөлүктө бордюрларды демонтаждоо жана асфальт-бетон катмарын фрезерлөө иштери жүрүүдө.

Жолду реконструкциялоо менен катар «Бишкекжашылкурулуш» ишканасына авариялык абалдагы дарактарды кыюу жана жашыл аймактарды иретке келтирүү тапшырылды.

Ошондой эле Ленин райондук администрациясына ушул тилкеде иш алып барган чарба субъекттер менен муниципалитеттин ортосунда унаа токтотуу жайларын оңдоо үчүн ижара келишимдерин түзүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдети коюлду.

Белгилей кетсек, Матыев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкеде калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Мэр шаардык кызматтарга аткарылган иштердин мөөнөтүнө жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.