Бишкек мэри курулуштардын сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты

Коом Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 10:00
764036686_1723389328874876_974988764474049166_n.jpg
763932269_2287608522069940_6180209539992376684_n.jpg
767101614_1598827325194660_6622912615540834054_n.jpg
766241355_1415645820613295_2671952319638874574_n.jpg
766953015_4518823345070116_4879176713100063544_n.jpg
763895373_1788738285806685_5867789891077017931_n.jpg
764340273_1383643590364787_6628169371171385671_n.jpg
765732500_1068392898979756_8095196026809783200_n.jpg
765871860_1412564340939052_4434206351768161411_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жолдорду жана социалдык объектилерди оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Мэриядан билдиришкендей, №57 мектепти текшерүүдө шаар башчысы билим берүү мекемесинин учурдагы тосмосун заманбап темир тор тосмо менен алмаштырууну тапшырды.

Ал эми Жаш Гвардия бульвары менен Шабдан баатыр (мурдагы Лев Толстой) көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы транспорттук түйүндүн жана көпүрөнүн курулушуна барганда мэр жээкти бекемдөө иштери менен катар дарыя боюнда шаар тургундары үчүн сейилдөө жана эс алуу аймагын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну айтты.

Ошондой эле подрядчы уюмга кошумча жумушчу күчтөрдү тартуу жана курулуштун темпин тездетүү керектиги айтылды.

Мындан тышкары, Айбек Жунушалиев Муром көчөсүндө Аалы Токомбаев проспектинен Гагарин көчөсүнө чейинки тилкеде жол курулушу менен катар жеке турак жайлардын тосмолорун бирдиктүү архитектуралык стилде жаңылоо зарылдыгын белгиледи.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы муниципалдык жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган бардык объектилерге тиешелүү эскертмелерди берүүнү тапшырды.

Муну менен катар ал бардык курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну, белгиленген мөөнөттөрдү так сактоону жана буга чейин берилген бардык тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү милдеттендирди.