Бишкек мэри Көк-Жар айылындагы жер ээлери менен жолугушту

Коом Загрузка... 19 Июнь 2025 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Көк-Жар айылынын №172 контурунун жер ээлери менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан административдик-аймактык реформанын алкагында Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментине 1479 арыз түшкөн.

Бүгүнкү күндө 2021-жылдын 1-декабрына чейин 137 объект курулганы аныкталып, учурда бардык тактоо иштери жүрүп жатат.

Жолугушуунун жүрүшүндө мэр Октябрь районунун акимине 137 объекттин маселесин тез арада жана учурдагы мыйзамдардын алкагында чечүүнү тапшырды.

Ошондой эле бул аймактагы 18 гектар жер муниципалдык менчикке өткөн. Бул жер тилкеси боюнча маселе мыйзамда белгиленген тартипте каралат.

Буга чейин Октябрь райондук мамлекеттик администрациясы жана Көк-Жар муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз курууга жана өз багыты боюнча пайдаланууга жол бербөө боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн 8 жолу көчмө жыйын өткөрүлүп, анын ичинен 3 жолу атайын техникалар менен уюштурулган. Жалпысынан 200дөн ашык эскертүүлөр берилген.

Тилекке каршы, жер ээлери эскертүүлөргө кайдыгер мамиле жасап, жер тилкелерин мыйзамсыз басып алып, жер тилкелери боюнча максаттуу эмес курулуштарды жүргүзүп жатышат.

№172 контур боюнча жер тилкелери өз багыты боюнча пайдаланылбайт, архитектуралык-курулуш долбоорлору жана тиешелүү укук белгилөөчү документтери жок.

Айыл чарба багытындагы жерлерге уруксаатсыз таяныч дубалдары (фундаменттери) жана турак жай имараттары тургузулган.