Бишкек мэри Көк-Жар айылындагы кырдаалга байланыштуу түшүндүрмө берди

Коом Загрузка... 06 Август 2025 15:15
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 2021-жылдын декабрь айынан кийин курулган мыйзамсыз курулуштар жер мунапысына туура келбейт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, борбордун аймагына кирген Көк-Жар айылында учурда түрттүрүлүп, бузулуп жаткан курулуштар 2021-жылдын декабрь айынан кийин курулган объекттер.

“Түрттүрүлүп, бузулуп жаткан цех, дүкөн, унаа оңдоочу жай сыяктуу 13 объект жер мунапысына кирбейт. Жер мунапысына 2021-жылдын декабрь айына чейин курулган турак жайлар гана кирет. Азыр аймакта аталган мөөнөттөн кийин салынган 209 курулуп бүткөн турак жай бар. Турак жай ээлерине өз ыктыярыңар менен мыйзам чегинде жерди өз багытына алып келгиле деп айтып жатабыз. Көк-Жар айылында азыр баш-аягы 84,5 гектар мыйзамсыз ээленген жер бар. Биз биринчиден ал жактагы соода түйүндөр, турак жай эмес курулуштар сыяктуу чарба субъекттилерин бузабыз”,- деди мэр.

Калаа башчысы маалымдагандай, айылда 209 курулуп бүткөн турак үйлөр, 85 үйдүн пайдубалы, 78 бүтпөгөн курулуш объекттери, 704 бош жерлер, 13 турак эмес объекттер бар.

“Булардын бардыгы тазаланат. Унаа оңдоочу жай, дүкөн, цех сыяктуу 13 объект азыр бузулуп жатат. Жарандарга мыйзамды сактагыла, өз ыктыярыңар менен жер тилкелерин өзүнүн багытына тууралагыла деп айтып жатабыз. Айыл чарба багытындагы жерлер айыл чарба багытында гана болушу керек. Жергиликтүү эл менен буга чейин жолугушуулар болуп, бул аракеттер мыйзамдуу эмес экендиги айтылган. 2026-жылдын 1-январынан баштап, Бишкек шаарынын Башкы планы иштеп башташы керек. Башкы план ишке киргенден кийин инфраструктуралык чечимдер бекитилип, бул жерлер калктуу конуштун жерлери багытына өтөт. Ага чейин бул жерлерде өз билемдик менен курулуш жүргүзүүгө тыюу салынган”,- дейт Жунушалиев.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 5-апрелинде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган.

Муниципалитеттен белгилешкендей, "Көк-Жар" аймактык башкармалыгындагы № 172 контурда аткарылып жаткан иштер минкабдын 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому менен бекитилген "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону" ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Белгилүү болгондой учурда аталган участокто турак эмес жана коммерциялык объекттер гана демонтаждалып жатат.

Ал эми министрлер кабинетинин 2025-жылдын 28-майында кабыл алынган № 284 токтомунуна ылайык, жер мунапысын жүргүзүүгө арыздарды кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунда аяктады.

Мэриянын маалыматы боюнча, жер мунапысынын алкагында жалпысынан 37 027 арыз келип түшкөн, анын 21 780и жактырылган. Ал эми программа башталгандан аяктаганга чейин республика боюнча жалпы 170 766 жарандан арыз түшкөн. Анын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 76 643 чечим кабыл алынган.

Ошентип, жер мунапысы - 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, жер мунапысынын объектисине мыйзамдуу статус берүү боюнча бир жолку акция болгон.