Бишкек мэри Дөлөн Өмүрзаков атындагы кичи аренанын курулушун текшерди

Коом 1 август 2025 15:05
1754036633_large.jpeg
1754036687 (1).jpeg
1754036693 (1).jpeg
1754036699 (2).jpeg
1754036617.jpeg
1754036623.jpeg
1754036631.jpeg
1754036644.jpeg
1754036650.jpeg
1754036655.jpeg
1754036679.jpeg
1754036699 (1).jpeg
Алдыга
Артка
1754036633_large.jpeg
1754036687 (1).jpeg
1754036693 (1).jpeg
1754036699 (2).jpeg
1754036617.jpeg
1754036623.jpeg
1754036631.jpeg
1754036644.jpeg
1754036650.jpeg
1754036655.jpeg
1754036679.jpeg
1754036699 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев  5 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган Дөлөн Өмүрзаков атындагы кичи аренанын курулушунун жүрүшүн текшерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, объект Тоголок Молдо көчөсүндө курулуп, 80 унаага ылайыкталган жер астындагы унаа токтотуучу жай менен жабдылат. Комплекстин жалпы аянты 15 342 чарчы метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө участокто сэндвич-панельден чатыр орнотулуп, ички инженердик тармактары тартылып, биринчи жана экинчи кабаттарында бүтүрүү иштери уланууда. Ошондой эле гипсокартон барактарынан жасалган тосмолор орнотулуп, ванна бөлмөлөрүнө кафель төшөлүүдө.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр бардык курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөө жана өз убагында бүтүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Жаңы арена спорттук мелдештерге гана эмес, маданий иш-чараларды өткөрүүгө да арналган.