Бишкек мэри ЦУМдун жанындагы жол качан ачыла турганын айтты

Коом Загрузка... 15 Октябрь 2025 11:00
WhatsApp_Image_2025_FIvoUez.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев журналисттер менен болгон жолугушууда борбор калаадагы ЦУМдун жанындагы курулуш иштери быйылкы жылдын декабрь айында бүткөрүлөрүн билдирди.

Анын айтымында, шаар бийлиги бул аймактагы унаа кыймылын мүмкүн болушунча эртерээк ачууга аракет кылууда, бирок ошол эле учурда бардык курулуш талаптары жана технологиялык процесстер так сакталууда.

«Биз менен шаар тургундарынын оюна койсо, ЦУМдун жанындагы жолду бүгүн эле ачып коймокпуз. Бирок цементтин канча убакта катып кала турганы, асфальтка жана башка иштерге карата белгиленген нормалар бар. Эгер бул мөөнөттөрдү сактабасак, анда биздин аракеттерибиз текке кетет, анткени сапат жоголот», — деп белгиледи мэр.

Ал белгилегендей, бардык технологиялык талаптар эске алынганда, курулуш иштерин декабрь айында бүтүрүү пландалууда.

Мындан тышкары, Айбек Жунушалиев Жибек-Жолу көчөсүндөгү көпүрө дагы декабрдын аягына чейин пайдаланууга берилерин кошумчалады.

«Биз бардык уюштуруу иштерин кыскартып, сапатты көзөмөлдөөгө басым жасап жатабыз. Объект ишенимдүү жана өз убагында бүткөрүлүшү керек», — деп белгиледи ал.