Бишкек мэри бүтпөй турган 2 курулушту жандандырууга бир ай мөөнөт берди

Коом 31 Июль 2026 10:30
762585199_4185895455034409_2582372118943164762_n.jpg
759824088_1076467344892720_4388894784349447308_n.jpg
759955055_1740354847383350_2993575185733866198_n.jpg
760545399_1763534231661329_7149578303749558591_n.jpg
761085751_2548070008965426_3003044731515985703_n.jpg
761530247_2267327760691554_1565106916890714463_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев курулушу узак убакыттан бери аяктай элек эки объектти текшерип, иштерди жандандыруу үчүн бир айлык мөөнөт белгиледи.

Муниципалитеттен маалыматына ылайык, мэр Орозбеков көчөсү, 72 дарегиндеги Ala Tower көп функционалдуу борборунун жана Байтик баатыр көчөсүндөгү көп кабаттуу турак жайлардын курулушу менен таанышты.

Ala Tower объектисинин курулушу 2024-жылы башталган. Ал эми Байтик баатыр көчөсүндөгү объект 2014-жылдан бери толук бүтө элек.

Шаар башчысы курулуш иштерин тездетүүнү талап кылып, белгиленген мөөнөттө иштер жанданбаса, мыйзам чегинде чара көрүү, анын ичинде келишимдерди кайра кароо маселесин кароону тапшырды. Объектилердин абалы мэрия тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынат.