Бишкек мэри бир катар объектилерди кыдырып чыкты

Коом 1136 13 Февраль 2025 16:44
479702741_1053153773527143_5955626014346741868_.original.jpg
477822290_1053153776860476_5907642464303148855_.original.jpg
477975292_1053153780193809_5977176443880667462_.original.jpg
479195353_1053153843527136_217050468311895009_n.original.jpg
479538877_1053153863527134_344078492146269059_n.original.jpg
478953786_1053153866860467_4869444041280373385_.original.jpg
477034283_1053153953527125_2412025849266659818_.original.jpg
476958001_1053153960193791_4938501740263688325_.original.jpg
477394314_1053153963527124_4972526945899988685_.original.jpg
477902784_1053154056860448_3748933060755831954_.original.jpg
479562790_1053154060193781_5692141976264276176_.original.jpg
478475015_1053154063527114_7054308861935003488_.original.jpg
478700019_1053154146860439_1728480841443863723_.original.jpg
479016687_1053154150193772_5177507049713365470_.original.jpg
479904496_1053154156860438_8379185058167206472_.original.jpg
477898638_1053154266860427_5027633118785910864_.original.jpg
479181682_1053154260193761_1390157405514985509_.original.jpg
478746801_1053154263527094_4834139129529623635_.original.jpg
477973734_1053154346860419_6147750028015975888_.original.jpg
479190292_1053154356860418_5605737694921128257_.original.jpg
477945223_1053154380193749_8936765543159317944_.original.jpg
477757103_1053154466860407_111878717478314591_n.original.jpg
479251847_1053154470193740_1589815375459729316_.original.jpg
479258374_1053154480193739_7747501467742388202_.original.jpg
479193242_1053154543527066_4226271980363781890_.original.jpg
479185203_1053154573527063_773019451095962493_n.original.jpg
479356264_1053154590193728_6885058339240842200_.original.jpg
478894524_1053154650193722_4513330419697381793_.original.jpg
479183464_1053154666860387_4329530607439033432_.original.jpg
479185595_1053154673527053_3352603452846144362_.original.jpg
478113106_1053154760193711_287999153379210623_n.original.jpg
479184006_1053154763527044_8706948907550810299_.original.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бир катар объекттердин иши менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы "Орто-Алыш", "Баш-Кара-Суу" ири суу алгыч жайларын, Жал айылындагы "Жан-Уя" бала бакчасындагы инновациялык от казандын иштөөсүн, жаңы чыгыш жана (убактылуу) батыш автобекеттерин,түндүк айланма жолундагы демонтаждоо иштерин, "Дордой" жана "Оберон-Форт" базарынын ички жолдорунун абалын, "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасындагы Депо-2ни, "Алга" спорт комплексинин курулушун, Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи спорт аренасын текшерип чыкты.

Ошондой эле Бишкек мэри "Теңдик", "Дордой-2", "Келечек"  тургундары менен жолугушту.

Текшерүү учурунда борбор калаанын башчысы төмөнкү тапшырмаларды берди:

- "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасынын башчысына жер астындагы кыртыш суулардын статистикалык деңгээлин жогорулатуу, илимий ыкманы колдонуу, сууну керектөөгө талдоо жүргүзүү жана суу камсыздоо системаларында инновациялык технологияларды киргизүү, ошондой эле суунун үнөмдүү колдонулушу жөнүндө маалыматтык кампанияларды жүргүзүү боюнча чараларды көрүүнү;

- "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын жетекчисине "Кара-Кече" көмүрүн колдонуу менен акылдуу от казанды туруктуу изилдөөнү жана атмосферага зыяндуу заттардын чыгуусун өлчөп, от казандын энергиялык натыйжалуулугун эсептеп чыгуусун;

-Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Жал айылынын “Жан-Уя” бала бакчасындагы балдарга ыңгайлуу шарттарды түзүү менен оңдоо иштерин жүргүзүүнү;

-«Бишкекавтобекети» муниципалдык ишканасынын башчысы жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу рейстерди күтүүдө, билеттерди сатып алууда жана (убактылуу) Батыш, жаңы Чыгыш автобекеттериндеги автобустардын өз убагында чыгуусуна шарттарды түзүүнү;

-Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысына түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууга тоскоолдук кылган имараттарды демонтаждоону күчөтүү, ошондой эле коомдук транспорттун кыймылын кыйындаткан “Оберон-Форт” базарындагы бир катар күркөлөрдү бузууну;

-Биринчи май жана Свердлов райондорунун акимдерине түндүк айланма жолунун боюндагы ар бир турак үйдү жана имараттарды экспертизадан, ошондой эле инвентаризациядан өткөрүп, анда 15 жылдан жогору жашаган үй ээлери менен биргеликте алардын турак жай маселелерин чечүү боюнча сунуштарды киргизүүнү;

- Бишкек мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысы демонтаждалган объекттердин жер укуктук мамилелери боюнча сунуштарды түзүүнү;

-"Бишкек шаардык транспорт" ишканасынын башчысына электр автобустарын пайдалануу, тейлөө жана сактоо үчүн Депо-2ни реконструкциялоо мөөнөттөрүн көзөмөлгө алууну;

- Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин башчыларына «Алга» спорт комплексинин жана Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи спорт аренасынын курулуш-монтаждоо иштеринин жана курулуш материалдарынын сапатына туруктуу көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды.