Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков Кытайдын Ухань шаарынан келген делегациянын Кытай Элдик саясий консультациялык конференциясынын шаардык комитетинин төрагасынын орун басары Чэнь Юецин менен жолугушту.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуу Бишкек жана Ухань шаарларынын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо, экология, билим берүү, шаардык инфраструктура жана санариптештирүү тармактарында кызматташууну кеңейтүү, ошондой эле шаарлардын мамилелерин мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду талкуулоо максатын көздөдү.
"Биз бүгүнкү иш сапарды достуктун гана белгиси катары эмес, өз ара мамилелерибизди бекемдөөгө мүмкүнчүлүк катары баалайбыз. Биз шаарларыбыздын тургундарына пайда алып келе турган конкреттүү долбоорлорду баштоону каалайбыз", - деп белгиледи Мирланбек Байгончоков.
Ошондой эле “Бир алкак, бир жол” программасынын алкагында келечектүү инвестициялык долбоорлор талкууланды.
Жолугушуунун соңунда тараптар узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга үмүт артышты.