Бишкек менен Үрүмчү шаарларынын кызматташтыгын чыңдоо талкууланды

Коом 16 июль 2025 11:50
1752584841.jpeg
1752584791 (1).jpeg
1752584836.jpeg
1752584830.jpeg
1752584826.jpeg
1752584808.jpeg
Алдыга
Артка
1752584841.jpeg
1752584791 (1).jpeg
1752584836.jpeg
1752584830.jpeg
1752584826.jpeg
1752584808.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 16.07.25. /Кабар/. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономиялык районунун партиялык комитетинин катчысынын орун басары, партиялык комитеттин катчысы жана Синьцзян өндүрүш-курулуш корпусунун комиссары Хэ Чжун Ю менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаар аралык, өзгөчө Бишкек менен Үрүмчүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.

Мэр Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун аймактары менен кызматташууну кеңейтүүгө, анын ичинде транспорт, турак жай-коммуналдык чарба, шаарды өнүктүрүү жана туруктуу өнүгүү технологиялары чөйрөсүндө биргелешкен инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Кытай тарап өз кезегинде айыл чарба, анын ичинде тамчылатып сугаруу, питомниктерди өнүктүрүү жана заманбап агротехнологияларды киргизүү боюнча соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар конструктивдүү диалогго жана жашоо шарттарын жакшыртууга жана туруктуу өнүгүүгө багытталган практикалык кызматташтыкты чыңдоого өз багыттарын ырасташты.