Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Өлкөдөгү эки ири шаарда үйлөрдүн жана батирлердин баалары өсүүдө.
Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, Бишкекте жеке турак жайлардын орточо баасы Бишкекте 8 айда 16,177 млн сомго жетти, бул былтыркыга салыштырмалуу 35,1% жогору.
Жеке турак үйлөр
Эң кымбат үйлөр борбор калаанын Октябрь районунда жайгашкан — баасы орточо эсеп менен 24,634 млн сомдун тегерегинде.
Башка райондордо:
Свердлов жана Биринчи Май райондорунда — 12 млн сомго жакын,
Ленин районунда — 16 млн сомго чамалайт.
Ош шаарында жеке турак жайлардын орточо баасы жыл башынан бери 19,3% жогорулады.
Эксперттер муну көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн бош жер тилкелеринин тартыштыгы менен түшүндүрүшүүдө. Анткени куруучулар биринчи кезекте жерди сатып алып алат.
Батирлердин рыногу
Ош. 8 ай ичинде стандарттык сериядагы батирлерди алып-сатуу боюнча 2 792 бүтүмдөр түзүлгөн (104, 105), жеке типтегилер былтыркыга караганда 74,6%дан жогору.
Бишкек. Рыноктун активдүүлүгү төмөндөдү: 7 576 бүтүм түзүлгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 4,3%га аз.
Бишкектеги батирлердин баасынын динамикасы
Орточо эсеп менен 19,9% өстү:
104-серия: 1 бөлмөлүү батир +16,32%, 2 бөлмөлүү +15,25%, 3 бөлмөлүү +17,08%.
105-серия: 1 бөлмөлүү батир +19,84%, 2 бөлмөлүү батир +17,24%, 3 бөлмөлүү +18,68%.
308-серия: 1 бөлмөлүү батир +21,17%, 2 бөлмөлүүсү +17,8%, 3 бөлмөлүү батир +11,52%.
Төрт бөлмөлүү батирлердин баасы да максималдуу түрдө кымбаттады — 37,72%.
Жеке типтеги батирлер: 1 бөлмөлүү +14,95%, 3 бөлмөлүү +13,36%.
Оштогу батирлердин баасынын динамикасы
Баалар инфляциянын деңгээлинен ашты (8,8% - 2024-жылдын июль айында):
104-серия: 1 бөлмөлүү +28,9%, 2 бөлмөлүү +22%, 3 бөлмөлүү +24,9%.
105-серия: 1 бөлмөлүү +21,4%, 2 бөлмөлүү +24,3%, 3 бөлмөлүү +25,6%.
Жеке типтеги батирлер: 1 бөлмөлүү +13,1%, 2 бөлмөлүү +11,4%, 3 бөлмөлүү +8,1%.