Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. 21-23-сентябрда Бишкек шаарында, 25-сентябрында Ош шаарында “Ынтымак жумалыгы-2026” иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл иш-чара “Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүдөгү, тынчтык куруудагы жаштардын жана аялдардын орду” темасында уюштурулат.
"Жумалык коомдун туруктуу өнүгүүсүн камтыган маселелерди ар тараптуу талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана бирдиктүү чечимдерди иштеп чыгуу аянтчасы катары каралууда",-деп белгиленет маалыматта.