Бишкек менен Нижний Новгород боордош шаарлар болду

Коом Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 17:15
1786013741_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Бишкек шаары менен Россиянын Нижний Новгород шаарынын ортосундагы достук мамилелерди түзүү жөнүндө келишимдин документтерин алмашуу аземи өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, келишимге VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргыз-Россия аймактар ​​аралык конференциясынын алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Нижний Новгород шаарынын мэри Юрий Шалабаев кол коюшту.

Бишкек шаарынын мэринин атынан документтерди алмашуунун расмий аземине мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышты. Азем Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өттү.

Келишим шаарлардын ортосундагы түз байланыштарды чыңдоого жана соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, билим берүү, туризм жана башка тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.