Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Бишкекте "Коопсуз өлкө" долбоорунун биринчи этабы ийгиликтүү ишке ашырылды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Көзөмөлдөө борборунун маалыматтык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Улан Жаныбек уулу маалымдагандай, Бишкек шаарына жол эрежелерин бузууларды сүрөт жана видео аркылуу каттаган 90 стационардык жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекстер орнотулду.
Анын айтымында, жабдыктар 38 кесилиште жана 4 жол өтмөктөрүндө иштеп жатат.
"Мындан тышкары, негизги унаа жолдору - Бишкек – Ош, Бишкек – Чалдовар, Бишкек – Нарын – Торугарт, Бишкек – "Манас" эл аралык аэропорту жана Бишкек –"Ак-Жол" чек ара өткөрүү пунктунда 48 камера иштеп жатат.
Программа ишке киргенден бери жол кырсыктары олуттуу азайган. Чуй облусунда 14,2 пайыз, Бишкекте 2,1 пайызга төмөндөгөн", - деди ал.