Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Коом 228 02 Июль 2026 11:20
WhatsApp Image 2026-07-02 at 11.17.36.jpeg

Бишкек, 02.07.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы үч саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күндүз жана кечинде күн күркүрөп, катуу шамал болушу мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге жетиши ыктымал.