Бишкек менен Чанша боордош шаар болот: Эки тарап эмнелерди макулдашты?

Коом Жүктөлүүдө... 16 Июль 2026 10:06
748704972_1263450485739943_8775617592566106713_n.jpg
747409450_1008503518475912_6586217881054852649_n.jpg
747903104_1600713148327405_3013212442484371713_n.jpg
749270059_1947309489317691_8745412344921673729_n.jpg
Алдыга
Артка
748704972_1263450485739943_8775617592566106713_n.jpg
747409450_1008503518475912_6586217881054852649_n.jpg
747903104_1600713148327405_3013212442484371713_n.jpg
749270059_1947309489317691_8745412344921673729_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаментинин кызматкерлери менен биргеликте Кытай Эл Республикасынын Чанша шаарынын Элдик өкмөтүнүн Тышкы иштер боюнча канцеляриясынын директорунун орун басары Дуань Хайбо жетектеген Чанша шаарынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.

Мэриядан билдиришкендей, Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары борбор калаанын эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, боордош шаарлар мамилесин түзүү достук байланыштарды чыңдоодо, өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүдө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда маанилүү кадам болорун баса белгиледи.

Өз кезегинде Чанша шаарынын өкүлдөрү Бишкекте болуп жаткан оң өзгөрүүлөргө жогору баа берип, шаардык инфраструктуранын өнүгүп жатканын жана борбор калааны көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди белгилешти. Ошондой эле алар узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушууда шаардык чарбаны өнүктүрүү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, тараптар муниципалдык башкарууну санариптештирүү, "акылдуу" шаар технологияларын киргизүү, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Тараптар аталган багыттар боюнча алдыңкы тажрыйба алмашууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап Бишкек менен Чанша шаарларынын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча практикалык кызматташууну кеңейтүү максатында мындан ары да өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.