Бишкек – Күн-Туу – Шопоков унаа жолу 4 тилкелүү болот

Коом Загрузка... 03 Сентябрь 2025 12:35
copyright icon www

Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Бишкек-Күн-Туу–Шопоков унаа жолу 4 тилкелүү болот. Учурда реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, учурда 0-6+700-чакырымдар аралыгында жумуштар жүрүп, асфальт басууга даярдыктар көрүлүүдө.

Аталган жолду реконструкциялоо "Жол коопсуздугу" техникалык талаптарына ылайык жүргүзүлүп, бардык чаралар эске алынуу менен параллелдүү долбоорлоонун негизинде курулууда.

Белгилей кетсек, жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Анын 6,7 чакырымын быйыл оңдоо мерчемделген.