Бишкек – Күнтуу – Шопоков жолунда асфальт төшөө иштери уланууда

Коом Загрузка... 09 Октябрь 2025 11:15

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Бишкек–Күнтуу–Шопоков жолунда асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Күнтуу айылынын кире беришиндеги 3,8 чакырымдык тилкеге бир тараптуу асфальт басылды.

Ошондой эле, жолдун 5-чакырымында да асфальттоо иштери уланууда. Курулуш иштерине 60тан ашык атайын техника тартылып, 128 жумушчу жана инженердик-техникалык кызматкерлер эмгектенүүдө.

Жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Анын ичинен 6,7 чакырымын быйыл оңдоо пландалган.

Долбоорго ылайык, жол төрт тилкеге чейин кеңейтилип, тротуарлар курулат, жарыктандыруу тутуму орнотулуп, буга чейин кыйылган бак-дарактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулат.