Бишкек – Күнтуу – Шопоков унаа жолун реконструкциялоо уланууда

Аймак 23 Февраль 2026 14:25
639553813_1226770809631663_8761626519075558535_n.jpg
629065461_1226770812964996_4233707723911449726_n.jpg
638233572_1226770806298330_6557132691382303501_n.jpg
Алдыга
Артка
639553813_1226770809631663_8761626519075558535_n.jpg
629065461_1226770812964996_4233707723911449726_n.jpg
638233572_1226770806298330_6557132691382303501_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Бишкек – Күнтуу – Шопоков унаа жолун реконструкциялоо боюнча пландалган иштер учурда кызуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жолдун 6,7-чакырымынан тарта жолду кеңейтүү жана бактарды кыюу иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган унаа жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Ал эми 2025-жылы жолдун 6,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары төшөлгөн. Күнтуу айылынын ичиндеги узундугу 2,7 чакырым болгон тротуар, лоток жана суу түтүктөрүн орнотуу иштери асфальтка чейин толук аяктаган.

Долбоордо жолду төрт тилкеге чейин кеңейтүү, тротуарларды салуу, жарык берүүчү чырактарды орнотуу жана мурда кыйылган бактардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу сыяктуу иштер камтылган.