Төрт тилкеге кеңейтилди: Бишкек – Күн-Туу – Шопоков жолу асфальтталууда

Аймак
Төрт тилкеге кеңейтилди: Бишкек – Күн-Туу – Шопоков жолу асфальтталууда
copyright icon www

Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. Бишкек – Күн-Туу – Шопоков унаа жолунун 5–6-чакырымдарында асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери уланууда.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзгөн жол төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдө.

Учурда жеринде 30дан ашык атайын техника жана 70тен ашык жумушчу иш алып барууда.

Белгилей кетсек, Бишкек–Күн-Туу–Шопоков автожолу Сокулук районундагы маанилүү транспорттук каттамдардын бири болуп саналат.