Бишкек – Кант унаа жолунун курулушу качан башталары айтылды

Аймак Загрузка... 17 Февраль 2026 11:48
WhatsApp Image 2025-12-22 at 15.07.59.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бахридин Шабазов Бишкек – Кант унаа жолунун курулушу качан башталарын сурады.

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев долбоор капиталдык салымдардын тизмесине киргизилгенин билдирди.

"Бирок, быйылкы жылы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун, түштүк айланма жолун жана ГЭС-5 унаа жолун бүтүрүүгө артыкчылык берилүүдө", - деди ал.

Анын айтымында, Бишкек – Кант жолунун курулушу аталган жолдордун курулушу аяктап, унаа агымы ошол жактарга багытталгандан кийин башталат.

Депутат өз кезегинде жолдун абалы начар экенин белгилеп, учурда ал жерде унаа кыймылы кыйындап жаткандыктан, жок дегенде тешиктерди жамоо иштерин жүргүзүүнү суранды.