Бишкек - Кант - Токмок жолуна асфальттын биринчи катмары төшөлүүдө

Аймак 22 октябрь 2025 14:33
566213373_1129224749386270_3912103935006457453_n.jpg
565935881_1129224652719613_8072024198112816970_n.jpg
566310132_1129224722719606_6413113489075301350_n.jpg
569406600_1129224659386279_7221910416871995295_n.jpg
570153180_1129224649386280_6734937570005301146_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 22.10.25. /Кабар/. Бишкек - Кант - Токмок унаа жолуна асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Азыр жумуштар трассанын Калининадан Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, жолдун оң тарабында жүрүп жатат.

Алдыда тротуар, лоток орнотуу жумуштары башталат.

Эске салсак, буга чейин жолдун сол тарабына асфальттын биринчи катмары басылган.

Белгилей кетсек, Бишкек - Кант - Токмок унаа жолунун 5+200-9+050-чакырымдар аралыгын (Новопокровкадан Лермонтовага чейин) капиталдык оңдоодон өткөрүү мерчемделип, анда асфальт төшөө менен катар көпүрөнү оңдоо, эки тарабынан тротуар, унаа токтотуучу жай жана башка иштер каралган.