Ташкент, 20.08.25. /Кабар/. Бишкек шаары 20-августта өтө турган Zakovat Asian Cup II эл аралык интеллектуалдык таймашынын алдында өзгөчө майрамдык маанайга бөлөндү. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында маалымдады.
Анын билдирүүсүндө белгиленгендей, Zakovat бүгүнкү күндө чек араларды жоюп, Борбор Азиянын алдыңкы акыл ээлерин бириктирген олуттуу интеллектуалдык аянтчага айланып баратат.
19-август күнү кечинде кыргыз жана өзбек маданият ишмерлери Бишкектин борбордук көчөлөрүндө чыгармачылык программасын тартуулап, шаардыктарга жана конокторго улуттук музыка менен коштолгон майрамдык маанай тартуулашты. Калаа тургундары өнөрпоздордун чыгышын кубануу менен тосуп алып, кол чаап, ыр-бийге кошулушту.
"Бул улуттар ортосундагы чыныгы майрам болду. Мындай жылуу кабыл алуу үчүн Бишкек элине чоң ыраазычылык билдирем", – деп жазды Саида Мирзиёева.
Zakovat Asian Cup II таймашы Борбор Азия мамлекеттеринин жаштарын билимге, маданиятка жана достукка үндөгөн маанилүү интеллектуалдык иш-чара катары белгиленет.