Жакынкы күндөрү Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу эл аралык ири иш-чаралар өтөт. Аларды өткөрүүгө карата борбор калаада жолдор оңдолуп, имараттардын сырткы көрүнүшү жаңыланып, жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде борбор калаанын алдыдагы иш-чараларга даярдыгы, жолдордун абалы, шаардыктардын эс алуу күндөрүн пландаштыруу боюнча сунуштар жана туристтик компаниялар менен сүйлөшүлгөн жеңилдиктер тууралуу айтып берди.
— Жакынкы күндөрү эл аралык ири иш-чаралар өтөт. Бишкек буга канчалык деңгээлде даяр?
— Негизи бул иш-чаралар пландаштырылып, тапшырмалар берилген учурда бизге жол боюнча төрт тапшырма берилген. Бирок, бүгүнкү күндө биз оңдоп-түзөгөн жолдордун саны 17ге жетти. Учурда жалпысынан жол оңдоо иштери толугу менен аяктады десек болот. Бүгүнкү күндө жол оңдоо иштеринин аткарылышы 96-97 пайызга аяктады. Айрым жерлерде иштер дагы уланууда. Бирок белгиленген иш-чаралар өтө турган күнгө чейин бардыгы толугу менен даяр болот. Мындан тышкары, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, турак жайлардын сырткы көрүнүшүн, башкача айтканда, фасаддарын оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Борбор калаады 229дай үйдүн фасаддары оңдолду. Айрым жумуштар азыр да уланып, аяктап калды.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында даярдык толук жүргүзүлдү десек болот. Барыбызга белгилүү болгондой, “Манас” аэропортунун жолу Бишкек шаарына өткөн. Биз ал жерде 23 чакырым жолду реабилитациялап, жарыктандыруу жана жашылдандыруу маселесин карап жатабыз. Аэропортко кирип бараткан жерди айланма жол кылып, кошумча жолду да курганбыз. Анын курулушу да жыйынтыкталууда. Ошого жараша айланма жолго өзүбүздүн белги илбирсти жасаганбыз, аны орнотуп бүтүрүп жатабыз.

— Мэрияга жолдон тышкары дагы кандай тапшырмалар берилген?
— Бишкек шаарында көп иштерди бир гана саммит үчүн жасап жаткан жокпуз. Саммит өткөндөн кийин алардын баары жок болуп кетпейт. Тескерисинче, бул иштердин баары шаардын өнүгүшүнө, өзгөрүшүнө багытталган. Пландалган иш-чаралардын айрымдарынын көлөмүнө жана мөөнөтүнө байланыштуу иштер кыска мөөнөттө жүргүзүлүп жатат. Буга үйлөрдүн сыртын иретке келтирүү жана көрктөндүрүү, ошондой эле жарыктандыруу маселелери кирет.
Башка мамлекеттердин президенттери, коноктор келген учурда шаарыбызда кандайдыр бир мүчүлүштүктөр болбосун деген максатта, ар бир жерде көрктөндүрүү, шаардын көркүн ачуу боюнча иштерди алып бардык. Бишкек алдыдагы саммиттин алкагында конокторду тосууга даяр. Мындан тышкары, республикалык деңгээлде курулуп жаткан ири имараттар, резиденциянын курулушу жыйынтыкталып, акыркы иштери жүргүзүлүүдө. Мисалы, "Бишкек Арена", резиденциянын курулуштары толугу менен аяктап, конокторду тосууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
— Ири иш-чараларга байланыштуу алдыдагы эс алуу күндөрү шаардыктарга Бишкектен чыгып, саякат кылуу сунушталууда. Мунун себебин түшүндүрүп кетсеңиз?
— Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна кайрылып кетем. Ар бир адам сыртка чыгабы же шаарда калабы — бул өзүнүн тандоосу. Анын укугун же кандайдыр бир мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуп, жашоо-турмушуна кийлигише албайбыз. Бишкек шаарында 25-августтан 10-сентябрга чейин өтүп жаткан иш-чараларга байланыштуу көптөгөн жолдор жабылып, жашоочулар үчүн көптөгөн ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн. Ошондуктан өзүңүздөрдүн убактыңыздарды пландаштырып, эс алуу күндөрүн тиешелүү деңгээлде өткөрүп, өлкөбүздүн кооз жаратылышын көрүүнү каалагандар үчүн биз туристтик фирмалар менен иш алып бардык.
Эгер Бишкек шаарынын тургундары ушул убакытта шаардан тышкары чыгам десе, көп чыгым болбосун деп туристтик фирмалар менен жеңилдиктерди карап чыктык. Бүгүнкү күндө турфирмалар жолдомолорго 10-15 пайызга жакын арзандатуу кылып жатат. Бизде баягыдай эле сындамай болуп жатат. Бирок биздин сүйлөшүүбүзгө чейин турфирмаларга кайрылгандардын саны 200дүн тегерегинде болсо, азыр 730дан ашыптыр. Демек, Бишкек шаарынын тургундары баарын түшүнүү менен кабыл алып, өзүнүн эс алуу күндөрүн пландаштырып жатканы көрүнүп турат. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө 180 жолдомо алдын ала ээленгени маалым болду.
Ошондуктан шаардыктарды дагы бир жолу сабырдуулукка чакырып кетем. Биздин алдыдагы иш-чаралар Бишкек шаарынын эле эмес, Кыргызстандын аброю. Эл аралык деңгээлде коопсуздукту камсыз кылуу, коопсуз шарттарды түзүү — бул дагы жалпыбыздын бирдей милдетибиз. Калаанын көчөлөрү жабылса жарандарга кандайдыр бир тоскоолдуктар жаралбасын деп шарт түзүп берүүнү көздөп жатабыз.
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна кайрылып кетет элем, түшүнүү менен кабыл алып, жогорку деңгээлдеги конокторду тосуу учурунда биздин сунуштарыбызды эске алып, 25-августтан 10-сентябрга чейин эс алуу күндөрүңүздөрдү туура пландаштырыңыздар. Сыртка чыгуу же шаарда калуу — ар бир жарандын жеке тандоосу, чечими. Биз эч кимди мажбурлабайбыз.
— Туристтик компаниялар менен сүйлөшүү жана жеңилдиктерди берүү Бишкек мэриясынын демилгесиби?
— Негизи бул иштерге даярдык кечээ эле башталган жок. Биз даярдыкты алдын ала эле жүргүзүп келе жатабыз. Бир нече турфирманы тизмелеп, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Баары ата мекендик турфирмалар. Алар менен жеңилдиктерди карап, жарандарыбызга шарттарды түзүп берүүнү сунуштадык.
Окуу жылынын башталышы 15-сентябрга чейин жылдырылды. Демек, бизде бул учурда 260 миңден ашык окуучу окууга барбайт. Ошондой эле 18 миңден ашык мугалим жана 200гө жакын студент эс алууда болушат. Ошолордун баарына эс алууга жакшы шарт түзүп берели деген максатта иштерди жүргүздүк. Бир эле “сыртка чык” дебестен, ушундай иштерди жүргүзүп, эс алуу үчүн сунуштарды берип жатабыз.
Дагы бир жолу айта кетсем, биз эч кимди мажбурлабайбыз. Ар кимдин өз тандоосу бар. Шаардагы кыймылга тоскоолдук жаратпастан, убакытты туура пландаштыруу менен жарандарыбыз иш-чаралардын тиешелүү деңгээлде өтүшүнө өз салымын кошо алат.