"Бишкек" эркин экономикалык аймагы эки жылда 2,5 млрд сом инвестиция тартты

Экономика Загрузка... 18 Август 2025 15:51
copyright icon "Бишкек" эркин экономикалык аймагы

Бишкек, 18.08.25 /Кабар/. "Бишкек" эркин экономикалык аймагы акыркы 2 жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу башкы директору Умбриэль Темиралиев билдирди.

Анын айтымында, аймактын ишинин натыйжалары президент Садыр Жапаровдун инвестицияларды активдүү тартуу боюнча тапшырмасы менен түздөн-түз байланыштуу:

  • ЭЭАга келген түз инвестициялардын жалпы көлөмү 2,5 млрд сомго жетти;
  • аймакта 18 жаңы завод курулуп, анын 7 ишканасы ишке киргизилди;
  • мамлекеттик бюджетке 5,6 млрд сом салык төлөндү;
  • "Бишкек" ЭЭА ишканаларында 180 түрдүү продукция чыгарылат, анын ичинен 24 уникалдуу товар ушул аймакта гана чыгарылат.

"Бул көрсөткүчтөр "Бишкек" эркин экономикалык аймагы Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүү жана инвестиция тартуу үчүн негизги аянтчалардын бири болуп калганын айгинелейт", — деп белгиледи Темиралиев.