Бишкек эл аралык кинофестивалында эң мыкты тасмага Жаабарс сыйлыгы ыйгарылат

Маданият Загрузка... 09 Июнь 2025 10:30
WhatsApp Image 2025-06-09 at 10.20.25.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек 09.06.25 /Кабар/. III Бишкек эл аралык кинофестивалында эң мыкты тасмага Жаабарс сыйлыгы ыйгарылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

“1994-жылдан бери илбирс Бишкек шаарынын расмий символу болуп келет. Ал кыргыз элинде ыйык жаныбарлардын бири катары белгилүү.

Бишкек эл аралык кинофестивалында Жаабарс сыйлыгы эң мыкты фильмге ыйгарылышы — бул кино искусствосундагы эң жогорку жетишкендиктерди белгилөө жана табият, искусство менен улуттук мурастын терең байланышын даңазалоо.

Жаабарс — бул жөн гана сыйлык эмес. Бул — тарых, өзгөчөлүк, күч”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 11-15-июнь күндөрү III Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт. Анда дүйнөлүк тасмалар көрсөтүлүп, форумдар, атайын көрсөтүүлөр, мастер-класстар өткөрүлөт.