Ачык асман алдындагы кино: Эски аянтта акысыз тасмалар көрсөтүлөт

Маданият Загрузка... 08 Июнь 2026 09:00
IMG_0905.png
copyright icon WWW

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Бишкекте IV эл аралык кинофестивалдын алкагында кино сүйүүчүлөр үчүн өзгөчө белек даярдалды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, бүгүн, 8-июндан тартып 11-июнга чейин шаар тургундары жана коноктору үчүн ачык асман алдында акысыз кино көрсөтүүлөр башталат. Тасмалар Т. Усубалиев атындагы эски аянтта тартууланат.

"Бул күндөрү эски аянт заманбап ачык кинотеатрга айланып, көрүүчүлөргө дүйнөлүк кино искусствосунун мыкты үлгүлөрүн чоң экрандан көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Уюштуруучулардын айтымында, бул иш-чаранын негизги максаты — кино искусствосун элге жакындатуу жана шаардыктардын жайкы кечтерин мазмундуу өткөрүү", - деп айтылат маалыматта.