Бишкек дүйнөнүн көңүл борборунда: ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына даярдык

Коом 163 19 Август 2026 16:35
WhatsA_XeDYrwF.2e16d0ba.fill-1200x630.format-jpeg.jpegquality-65.jpg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстан быйыл Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалык кылып, 30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турган ШКУ саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине кызуу даярдыктар жүрүүдө. Өлкөгө биринчи жолу 20дан ашык мамлекеттин жетекчилери бир учурда келери маалымдалган. Демек, борбор калаа бул күндөрү бир катар мамлекеттердин жогорку даражалуу делегацияларын кабыл алат.

Тарыхына кайрылсак, ШКУнун негизин 1996-жылы түзүлгөн “Шанхай бештиги” — Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан түзгөн. 2001-жылы уюм расмий түзүлүп, бүгүнкү күндө анын курамында 10 мамлекет — Кыргызстан, Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан, Иран жана Беларусь бар.

Кыргызстандын Дүйнөлүк саясат боюнча институтунун директору, саясат таануучу Шерадил Бактыгулов “Биринчи радиодо” билдиргендей, ШКУнун курамында мүчө мамлекеттерден тышкары байкоочу жана диалог боюнча өнөктөш өлкөлөр да бар.

“ШКУга 10 мамлекет мүчө болсо, байкоочу өлкөлөр Монголия менен Афганистан. Ал эми диалог боюнча өнөктөш ондон ашык өлкө бар. Аларга Азербайжан, Түркия, жаңы кирген Кувейт сыяктуу мамлекеттер кирет. Бишкектеги саммит жалгыз эле ШКУнун саммити эмес, бул “ШКУ+” форматындагы саммит. Себеби, 20дан ашык өлкөнүн башчылары бир учурда Бишкекке келет. ШКУ мурда саясий багытта күчтүү уюм болуп келсе, акыркы 3-4 жылда уюмдун алкагында бизнес активдүү иштеп, коомчулук да активдүү болуп калды”, — деди ал.

Адистин пикиринде, уюмдун алгачкы ишмердигинде коопсуздук маселелери негизги орунда болсо, учурда кызматташтык экономика, соода, инвестиция, транспорт, энергетика, санариптештирүү, экология, маданият жана туризм сыяктуу багыттарды камтыйт.

Кыргызстандын уюмга төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары

2025-жылы Кытайдын Тяньцзинь шаарында өткөн ШКУ мамлекет башчыларынын саммитинде уюмга төрагалык Кыргызстанга өткөн. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын төрагалыгынын ураанын “ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге” деп атаган.

Кыргызстандын уюмга төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары тууралуу ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде төмөнкүлөрдү билдирген.

“ШКУ 25 жылда алты мүчө мамлекеттен турган бирикмеден дүйнөдөгү эң ири трансрегионалдык уюмга чейинки жолду басып өттү. ШКУнун үнү жыл сайын эл аралык аренада барган сайын ишенимдүү угулуп, глобалдык деңгээлде мамлекеттер аралык өнөктөштүктүн системалуу моделинин белгилерин алып келүүдө. Уюм жетишкен ийгиликтери менен эле токтоп калбайт. Заманбап дүйнөлүк кырдаал убакыт менен бирге жаңы кадамдарды таштоону талап кылууда.
2025-жылы ШКУга төрагалык Кыргыз Республикасына өттү. "ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге" деген тема күн тартибинин келечекке багытталган умтулуусун чагылдырат. Эми Кыргызстандын 2025–2026-жылдардагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары тууралуу токтоло кетейин. Биринчиден, узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыз кылуу. Экинчиден, экономикалык кызматташтыктын потенциалын ишке ашыруу. Үчүнчүдөн, эл аралык автоунаа жана темир жол ташуулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Төртүнчү артыкчылыктуу багыт бул санариптештирүү. Өз төрагалыгынын алкагында Кыргызстан келечекке багытталган ыкманы сунуштоону жана санариптик трансформацияны биргелешкен иштин артыкчылыктуу багытына айландырууну көздөйт”,- деп белгилеген башкы катчы.

Бишкекте даярдык кызуу жүрүүдө

Саммитке жана Көчмөндөр оюндарынын ачылышына байланыштуу Бишкекте жолдор оңдолуп, имараттардын фасаддары жаңыланып, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин “Кабар” агенттигине берген маалыматына караганда, борбор калаада 17 жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүп, август айынын ортосуна карата алардын аткарылышы 96–97 пайызга жеткен. Ошондой эле 229дай турак жайдын фасады оңдолгон. “Манас” эл аралык аэропортунан Бишкекке чейинки 23 чакырым жолду реабилитациялоо, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, “Манас” эл аралык аэропорту оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, “Ырыс Ордо” конгресс-холлу жана “Бишкек Арена” сыяктуу негизги объектилер даярдалууда.

"Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов билдиргендей, аэропорттогу былтыр башталган масштабдуу реконструкция иштери аягына чыгып, “Манас" аэропорту ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу чоң иш-чараларга карата коноктордун ири агымын тосуп алууга даяр. Андан тышкары, коопсуздук, транспорттук логистика, делегацияларды тосуп алуу жана протоколдук иш-чараларды өткөрүү боюнча да иштер жүрүүдө.

Жол кыймылына чектөөлөр киргизилет

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл аймактарында мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү иш-чараларга байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү машыгууларына байланыштуу “Бишкек Арена” стадионунда жана ага жакын аймактарда унаа кыймылы мезгил-мезгили менен чектелип, айрым жолдор жабылары маалымдалган. ИИМ шаар тургундары менен конокторун коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылып, күнүмдүк каттамдарын алдын ала пландаштырууга чакырды.

Шаар тургундары үчүн фан-зоналар уюштурулат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана ШКУ саммитинин негизги иш-чараларын түз эфирден көрүү үчүн Бишкекте атайын фан-зоналар уюштуруларын мэриядан кабарлашты. Негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында жайгашат. Мындан тышкары, борбор калаанын төрт районунда тең түз эфир көрсөтүлө турган аянтчалар уюштурулуп, ЛЭД-экрандар орнотулат.

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан күндөрү транспорттук тыгындар көбөйүшү мүмкүн экендигин эске алуу менен Бишкек мэриясы шаар тургундарына жана конокторуна мүмкүнчүлүк болсо шаардан сыртка чыгып эс алууну, туристтик компаниялардын сунуштарын пайдаланууну жана сапарларын алдын ала пландаштырууну сунуштады.

Мындан тышкары, шаар мэринин маалыматына ылайык, 31-август жана 1-сентябрь күндөрү шаардагы бир катар соода борборлору менен базарлар иштебейт. Бул чечим шаар тургундарынын, коноктордун жана расмий делегациялардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылууга багытталган.

Туризм тармагы боюнча серепчи Максат Чакиев мындай ири иш-чараларды өлкөнүн эл аралык имиджин бекемдөө үчүн мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын белгилеп, жарандарды иш-чараларга байланыштуу киргизилген убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, келген чет элдик конокторго Кыргызстандын жакшы жагын көрсөтүүгө чакырды.

"Кандай гана ири иш-чаралар, форумдар болбосун алар аркылуу Кыргызстан дүйнөлүк деңгээлде жарнамаланат. Ошол үчүн келе жаткан ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын биз болушунча максималдуу түрдө колдонушубуз керек. Бул биздин мамлекеттин дүйнөлүк масштабдагы потенциалын жарнама кылуу, көрсөтүү, туристтерди жана инвесторлорду чакырууга өбөлгө түзөт. Иш-чаралар бүтөт, бирок дүйнөлүк деңгээлде Кыргызстандын аброю жогорулайт. Ошондуктан өлкөнүн беделин көтөрүүчү иш-чараларды өткөрүүдө жарандар түшүнүү менен мамиле кылып, колдоо көрсөтүүсү кажет", - деди ал.

Ошентип, алдыдагы күндөрү Бишкек эл аралык деңгээлдеги эки ири иш-чараны — ШКУ саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышын өткөрөт. Убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, коомдук тартипти сактоого жана келген конокторго Кыргызстандын меймандостугун бирге көрсөтөлү.