Бишкек – Бухарест түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

Коом 4 август 2025 15:45
2021-11-22_14-51-18_585416.jpg
527138137_1181176280718340_6631459525891910093_n (1).jpg
527772260_1181176334051668_1135654156197866305_n.jpg
526784952_1181176320718336_1145611778995679440_n.jpg
526734098_1181176360718332_4266031569123724560_n.jpg
527038985_1181176274051674_1601144566733099751_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жарандык авиация агенттиги

Бишкек, 04.08.25. /Кабар/. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов баштаган делегация Румынияга расмий сапарынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Агенттиктен билдиришкендей, делегация Румыниянын Жарандык авиация башкармалыгынын башкы директору Николае Стойка менен иш жолугушуусун өткөрдү.

Тараптар Кыргызстан менен Румыниянын ортосунда аба каттамдары боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле Кыргызстан Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгарылгандан кийин Бишкек – Бухарест түз аба каттамын ачуу перспективаларын талкуулашты.

Ошондой эле Румыниянын Транспорт министрлигинин секретариаты менен жолугушуу өттү. Тараптар жарандык авиация чөйрөсүндө кызматташуунун багыттарын, анын ичинде жөнгө салуу, инфраструктура жана кадр даярдоо маселелерин карашты.