Бишкек - Балыкчы поезд каттамынын саны көбөйөт

Коом Загрузка... 16 Июнь 2025 16:40
1.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. 19-июндан тарта Бишкек - Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди бейшемби, ал эми 23-июндан баштап дүйшөмбү күндөрү да каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурда аталган поезд жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттап келген болсо, эми 19-июндан 7-июлга чейин дүйшөмбү, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми 7-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын жүрөт.

Бул багытта жалпы 15 вагон каттамга тартылат.