Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. "Бишкек Арена" стадионунун ачылышы күчөтүлгөн коопсуздук чаралары менен өттү.
ӨКМден билдиришкендей, окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, өрт өчүрүүчү эсептер жана атайын техникалар нөөмөттө турушту.
Белгиленгендей, күчтөр жана каражаттар ар кандай мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө даяр абалга келтирилген.
"Иш-чарага келген коноктордун жана катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө өттү",-деп айтылат маалыматта.