"Бишкек Аренанын" ачылышы: 10 миң акысыз билет берилди

Коом 22 сентябрь 2026 09:15
"Бишкек Аренанын" ачылышы: 10 миң акысыз билет берилди
copyright icon www

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. "Бишкек Арена" стадионунун расмий ачылыш аземине билеттерди таратуунун биринчи этабында 10 миң билет чыгарылган. Алардын бардыгы бир күндүн ичинде берилип кетти. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, билеттер чыгарыла баштаган учурда ticket.gov.kg сайтына бир убакта болжол менен 100 миң колдонуучу кирүүгө аракет кылган. Колдонуучулардын көптүгүнөн улам сайт айрымдарына убактылуу жеткиликсиз болуп калган.

"Билеттерди берүү этап-этабы менен улантылат. Жакынкы убакта билеттердин кийинки партиясы сайтка чыгарылат. Кийинки этабынын башталышы тууралуу маалымат кошумча жарыяланат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, стадиондун расмий ачылышы 5-октябрда өтөт.