Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. "Бишкек Арена" стадионунун администрациясы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине алып кирүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмесин жарыялады.
Ага төмөнкүлөр кирет:
- баңгизат жана башка тыюу салынган заттар;
- тамеки, IQOS, насвай жана алардын аналогдору;
- сагыз;
- айнек бөтөлкө, банка, термос жана башка катуу жана сынуучу идиштер;
- алдын ала уруксат алынбаган кесиптик сүрөт жана видеокамералар, дрондор жана башка жабдуулар;
- чоң рюкзак, сумка, чемодан жана башка көлөмдүү жүктөр;
- сырттан алып келинген тамак-аш жана суусундуктар;
- курал-жарак, сайгыч, кескич жана башка кооптуу буюмдар;
- аэрозолдук жана газ баллондору, тез күйүүчү суюктуктар жана башка кооптуу заттар;
- пиротехникалык каражаттар, фейерверктер жана сигнал берүүчү каражаттар;
- тиешелүү уруксаты жок радиостанциялар жана жогорку жыштыктагы байланыш жабдуулары;
- музыкалык аспаптар, ышкырыктар, мегафондор жана башка катуу үн чыгаруучу каражаттар.
Белгиленгендей, жогоруда аталган буюмдардын бардыгы кире бериштен алынат.