Бишкек, 22.08.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине көрүүчүлөрдү жеткире турган шаттл-автобустардын ишин уюштуруу боюнча штабдын жыйыны өттү.
Мэриядан билдиришкендей, жыйынга укук коргоо органдарынын, мамлекеттик жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышып, шаттл-автобустардын ишке даярдыгын, каттамдарды уюштурууну жана транспорттун кыймылына мониторинг жүргүзүү маселелерин карашты. Транспорттун ишин видеокамералар аркылуу реалдуу убакыт режиминде ыкчам башкарууга өзгөчө көңүл бурулду.
Белгилей кетсек, 31-августта шаттл-автобустар көрүүчүлөрдү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышы өтө турган "Бишкек Аренага" жеткирет. Автобустар борбор калаанын атайын белгиленген 21 пунктунан каттайт.
“Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды каттамды алдын ала пландап, кайра кайтууда да барган эле шаттл-автобустун багытын пайдаланууну сунуштайт”,–деп айтылат маалыматта.