Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. “Бишкек Аренада” VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий аземи өтүүдө.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана Өзбекстан, Түркия, Россия жана башка мамлекеттердин өлкө жетекчилери баштаган жогорку даражалуу меймандар катышууда.
Ошондой эле стадиондогу ачылыш аземге 30 миңден ашык көрүүчү күбө болууда.
Алгач өлкөнүн гимни жаңырып, туу стадионго алып келинди.
Ушул мүнөттөрдө оюндарга катыша турган мамлекеттердин делегациялары жана спортчулары салтанаттуу параддан өтүп жатат.
Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндары 10 жылдан ашык убакыт ичинде камтыган аймагын жана катышуучулардын санын 4-5 эсеге кеңейтти. 2014-жылы 19 өлкөдөн 600дөй оюнчу спорттун 10дон ашык түрү боюнча мелдешкен. Ал эми быйыл 100дөй мамлекеттен 3000ден ашык спортчу мелдештерге катышат. Спорттук программа бул ирет 43 түр боюнча беттештерди камтыйт.
Кыргызстанда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары спорттук мелдештер менен гана чектелбестен, өлкөнүн улуттук маданий мурасын, көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө тааныткан ири эл аралык долбоор болууда.
Бул ирет оюндарды өткөрүү үчүн Кыргызстанда эле эмес, бүткүл Борбор Азияда эң чоң стадион болгон “Бишкек Арена” курулду. Стадион бир убакта 51 миң көрүүчүнү батыра алат.
Долбоор боюнча стадион FIFA`нын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Эми бул жай миңдеген адамдарды бириктирген жөн гана заманбап стадион гана эмес, спорттук мелдештерден тышкары, концерттер, түрдүү маданий иш-чараларды өткөрө турган аянтчага айланат.
Стадиондун долбоорунда Bishkek arena Mall да камтылган. Бул инвестиция салуу жана туруктуу киреше алуу үчүн ыңгайлуу соода аймагы болмокчу.