"Бишкек Аренаны" электр энергиясы менен камсыздоо текшерилди

Коом Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 14:55
copyright icon Бишкек ЭТИ

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын жетекчилиги "Бишкек Арена" комплексинде жана бир катар көмөк чордондордо даярдык иштерин текшерди.

Бишкек электр тармактар ишканасынын маалыматына ылайык, жумушчу сапардын жүрүшүндө объектилердин электр менен камсыздоо системаларынын даярдыгына баа берилип, эл аралык иш-чаралар учурунда үзгүлтүксүз жана ишенимдүү электр камсыздоону камсыздоо маселеси каралды.

Ошондой эле энергетиктер тарабынан маанилүү объектилердеги даярдык иштери улантылып жатканы белгиленди.